Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте каналдардын үстүнөн өткөн метро курулабы?

01.12.2020 13:31
831
Бишкекте каналдардын үстүнөн өткөн метро курулабы?

Бишкек шаарына суу каналдарынын үстүнөн өткөн метро салсамбы деп ойлогом, бирок ага жетишпей калам. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев онлайн-брифингде билдирди.


Журналистин: "Бийлик буга чейин автобустар үчүн атайын тилке болот деп айткан эле, ошол долбоор боюнча айтып берсеңиз?",- деген суроосуна:


"Көп долбоорлор бар болчу. Бирок аларды ишке ашырууга мөөнөтүм бүтүп, жетишпей калам. Негизи Бишкекти аралап өткөн каналдардын үстүнө метро салсамбы деп ойлогом. Анткени калаада автобустарга өзүнчө тилке ача албайбыз, ал тургай жаңы автобус да ала албайбыз. Бишкекти кантип чоебуз? Шаардагы транспорт маселесин башка жол менен чечүү керек. Өзүңөр деле картадан карасаңар, Бишкекти эки суу аралап өтөт. Ошол суулардын үстүнөн өткүдөй метробус салып койсок шаардагы көйгөйдү чечмекпиз", — деди шаар мэринин милдетин аткаруучу. 


Мэрдин милдетин аткаруучу бул көйгөйлөрдү жаңы келе турчу мэр ойлонушу керектигине токтолуп: "Бизде жолдор даяр, суунун үстүнөн өтө турган метробустун линиясын куруп, иштетүү зарыл. Мындай метрону Япония, Кытай салды, кыргыз эмнеге сала албайт?! Насыя алып туруп куруш керек. Ал кайра өзүн-өзү актайт", — деди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн