Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте каналдын жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

26.02.2021 10:33
666
Бишкекте каналдын жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Милиция Ауэзов көчөсүндөЧоң Чүй каналынын жанынан табылган белгисиз адамдын сөөгүн аныктоону суранат.


Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жансыз дене 19-февралда кечки саат төрттөр чамасында табылган. Эркектин курагы 35-40 жашта, зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери жок.


Белгилери: бою 170-175 см, дене түзүлүшү тыгыз, кыска кара чачтуу, жүзү тегерек.


Кийген кийими: кара спорттук костюм, кара түстөгү шым, буту 40-42 өлчөмүндөгү кара кроссовкалар.


Милиция адам тууралуу маалыматы барлардын баарынан төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (553) 102 387, 0 (709) 332 463, 0 (772) 847336 жана 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн