Бишкекте бүгүн, 9-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, жамгыр карга айланды. Абанын температурасы ушул тапта -1, -3 градусту көрсөтүп жатат.
Мындан эки күн мурда абанын температурасы +20, +22 градуска жетип, күн ысып калган. Ошондой эле, өрүктөр гүлдөп бүтүп, алма түптөрү жаңыдан гүл байлап баштаган болчу. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Чүйдө жаз 10-15 күнгө эртке келгинен айтып, жазгы айдап себүү иштери 94%га аяктап калганын брифингде маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн