Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоону көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди, деп маалымдады
өкмөттүн басма сөз кызматы.
Саламаттыкты сактоо
министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, айрым соода түйүндөрүндө,
азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатат.
Ошондой эле анын айтымында, такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн