Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:10
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте кармалган УКТ мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди

08.04.2024 09:37
103
Бишкекте кармалган УКТ мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди


Мурда Бишкекте кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-мартында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган.

2024-жылдын 20-мартында "Ак-Жол" автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына Азербайжандын 5 жараны, атап айтканда, 1971-ж.тылы туулган А.В.С., 1984-жылы туулган Б.С.О., 1982-жылы туулган А.М.О, 1992-жылы туулган Б.Н.О., 1992-жылы туулган М.З.О. келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 2024-жылдын 7-апрелинде "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн