Борбор калаада каттоодо турбаган жарандар шаарга киргизилбейт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында айтты.
Ал өз кайрылуусунда медицина жана тартип сакчыларына жана социалдык кызматкерлерлерге ыраазычылык билдирди.
“Каттоосу жок жарандар башка аймактардан Бишкеке киргизилбейт. Бирок Чүйдүн аймагы, шаардын сыртындагы жолдор менен өтүүгө болот", - деди Орозалиев.
Ошондой эле, маршруттук баракча менен 1,5 чакырымга чейин гана жүрүүгө болот. Жарандарга дарыкана жана азык-түлүккө гана барууга мүмкүн экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн