Бүгүн түндө Бишкек шаарынын Айматов проспектинде жеңил унаа үрөй учурган жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов билдирди.
Жеңил унаа өтө катуу ылдамдыкта келип, айдоочу рулга ээ боло албай калган.
Натыйжада унаа жолдун жээгине чыгып тосмону сүзүп, талкаланып кеткен. Унаанын тетиктери жана дөңгөлөктөрү чачырап кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн