Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган унаалар кантип чыгашаны төлөтүп алса болору айтылды

10.04.2020 19:21
1090
Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган унаалар кантип чыгашаны төлөтүп алса болору айтылды

 

9-апрелде болгон катуу шамалдан Бишкек шаарында 18 унаа жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, транспорттор эреже менен токтотулуп, жаратылыш кырсыгына кабылса, анда кандай жол менен оңдотуп алса болору кабарланды.


Алар төмөнкүлөр:


1)    Болгон окуя тууралуу 102 номерине кайрылып, патрулдук милиция кызматына кабарлооңуз керек;


2)    “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин 0770 830006 номери аркылуу чакыруу керек;


3)    ПМК протоколдор толтурулуп, унаанын туура токтотулганын текшерет,  “Бишкекжашылчарба” даракты карап, кулаганынын себебин аныктайт;


4)    Баардык текшерүүлөр катталып, толтурулган акт жана протоколдор айдоочунун колуна берилет;


5)    Андан соң жаран келтирилген чыгымдарды кайтаруу  боюнча, күнөөлү тарап менен чыгашаны аныктоо үчүн сотко кайрылса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн