Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкекте катуу шамалдан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Зыян 16 млн сомду түздү

05.04.2024 09:11
130
Бишкекте катуу шамалдан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Зыян 16 млн сомду түздү


Бишкек мэриясынын буйругу менен 4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкектин аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталып, шаардын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жетекчилик курамы өз убагында маалымдалып, райондук Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары жер-жерлерде өз багыттары боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүштү.

Райондук администрациялардан, шаардык кызматтардан жана муниципалдык ишканалардан турган мобилдик топтор уюштурулган, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо максатында күчөтүлгөн режимде иштешкен. 29-марттын таңында борбор калаада жолдордо эч кандай тоскоолдук табылган жок. Коомдук транспорт кадимки режимде иштеген.

Белгилей кетсек, шаардык кызматтар тарабынан катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.

4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 млн 749 миң 923 сомду түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн