Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 17:09
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси жабыркады

29.03.2024 08:13
381
Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси жабыркады


Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Белгилей кетсек, комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-апрелине чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн