Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкекте кеңсеге уурулукка кирген жаран 600 миң сомду уурдап кеткен (видео)

Бишкекте кеңсеге уурулукка кирген жаран 600 миң сомду уурдап кеткен (видео)

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар уурулук фактыларына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.


«20-март күнү жабырлануучу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 01.25те белгисиз адамдар Токтогул көчөсүнүн боюнда жайгашкан кеңселердин бирине терезенен кирип кетишкен. Алар кеңседеги 600 000 сом жана жалпы баасы 46 000 миң сомдук  бут кийимди уурдап кетишкен. Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду», - деп айтылат маалыматта.


Кылмышка шектүү катары кармалган 21 жаштагы К.Инин ушул сыяктуу 10 кылмышка катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн