Жарандардын өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигиБишкек шаардык мэриясы жана Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте 2021-жылдын 13-14-фералында Түштүк Магистраль-Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө (12 кичирайону) кезектеги жарманкесин өткөрөт.Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жарманке саат 10:00дө башталып, анда азыктар түлүктүн баасы базар баасынан 10-15 %га төмөн болот. Ошондой эле, бул ирет уй этинин килограммы 400-405 сом.
Кошумча маалымат алуу үчүн: жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар төмөнкү номерге кайрылыңыздар. Список менен кабыл алынат. 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн