Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте кичи автобус оодарылып кетти, жабырлануучулар бар (видео)

17.09.2020 11:02
1154
Бишкекте кичи автобус оодарылып кетти, жабырлануучулар бар (видео)

Бишкек шаарында жол кырсыктын кесепетинен кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти. 


Маалым болгондой, жол кырсык 17-сентябрда саат 09:50 чамасында Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. №215 кичи автобус "Honda Fit" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагышкан. 


Алдын ала алынган маалыматка караганда, кичи автобус Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөсү тарабына бара жатып, Калык Акиев көчөсү менен бара жаткан жеңил унаа менен кагышкан. Жол кырсыктан жаракат алган жарандар бар. 


Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн