Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жай оңдолууда

18.02.2022 08:52
481
Бишкекте кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жай оңдолууда

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имаратта тамактануучу жай, жуунучу бөлмө жана 31 бөлмө бар.


"Учурда тамактануу, жуунучу бөлмөлөр оңдолуп, кафель төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле камералар, коридорлор, администрациянын кеңселери жана кабылдамалар оңдолууда. Мындан тышкары, желдетүү системасы жана ички жылытуу системасы да оңдолот", - деп айтылат маалыматта.


Мниципалитеттен белгилешкендей, тендердин жыйынтыгы менен капиталдык оңдоо иштерин «Рамазан Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.


"Оңдоо иштерин ушул жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн