Теке 05, 2024
Убакыт: 23:06
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелер талкууланды

03.07.2024 14:28
95
Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелер талкууланды


Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында өткөн 6-жылдык эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантуу, соода-экономикалык мамилелерди жана банктар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, аймактык жана диалогдук "C5+1" жана аянтчанын алкагында кызматташууну жана климаттын өзгөрүшү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн