Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте кыргыз-америка мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

22.04.2024 12:11
109
Бишкекте кыргыз-америка мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды


Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Марк Поммершайм менен жолукту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Джон Марк Поммершайм Бишкекке Кыргызстан жана АКШ ортосунда кезектеги эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги негизги маселелерди жана кыргыз-америкалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар С5+1 механизминин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, бизнес, инвестиция, адам укуктары жаатындагы кызматташуу маселелерин карашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр учурдагы геосаясий кырдаал, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө өз ара каалоолорун ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн