Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

08.08.2024 10:45
577
Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт


Бишкек шаарында 12-августта кыргыз-корей өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын VI жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштерн министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-августта Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык маселелер боюнча орун басары, кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын корей тарабынын теңтөрагасы Ким Хи Санг менен жолугушту.

Жолугушууда элчи өкмөттөр аралык комиссиянын активдүү өнүгүп жатканын жана бардык актуалдуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көмөктөшкөн натыйжалуу механизм болуп саналарын, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореянын мамилелерин чыңдоого маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ким Хи Санг эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода, инвестициялар жана башка артыкчылыктуу багыттардагы кызматташтыгынын учурдагы маселелерин талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн