Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 16:25
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Бишкекте кыргыз-орус билим форуму өтөт

10.10.2024 14:06
18
Бишкекте кыргыз-орус билим форуму өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 14-15-октябрь күндөрү Бишкекте кыргыз-орус билим форуму өтөт. Бул тууралуу Россиянынын Бишкектеги илим жана маданият борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган форумга Россия менен Кыргызстандын 60тан ашуун окуу жайларынын студенттери катышып, сабактар өткөрүлүп, жогорку окуу жайларынын эң ири көргөзмөлөрү көрсөтүлөт.

Форумдун жүрүшүндө тоо-кен тармагындагы билим берүү, алдыңкы инженердик мектептер жана өнөр жай өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү, медицина, айыл чарба сектору жана транспорт үчүн кадрлар, мамлекеттик башкарууда жана бизнесте жасалма интеллект, санариптештирүү жана Кыргызстан менен Россиянын өсүп келе жаткан экономикасы үчүн башкы актуалдуу темалар каралат.

Ошондой эле, форумдун алкагында Кыргызстандын окуучулары Россиянын жогорку окуу жайларынын бюджеттик орундарына кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү программалары, студенттик жашоо, кесиптик өсүү үчүн шарттар жөнүндө маалыматтарды ала алышат.

Белгилей кетсек, форум Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук окуу жайында, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян окуу жайында, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясында жана К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык окуу жайында өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн