Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт

03.05.2022 10:07
1504
Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт


Бүнүн, 3-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келет. Бул тууралуу Бишкек расмий кабарлап, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтө турганын маалымдады.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон. Андан соң экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Петер Сийярто Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгилеген. Андан бир ай мурун президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда, Европадан Венгрия менен мамилени бекемдөө уланып жатканын айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн