Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 02:26
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Бишкекте кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

04.07.2025 15:34
192
Бишкекте кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды


Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды.


Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде активдүү саясий диалогду колдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.


Мындан тышкары, тараптар "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы аймактык өз ара аракеттенүү маселелерине да токтолду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн