Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 00:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкекте кыргызстандыктарды Россияга ишке орнотуучу борбор ачуу пландалууда

07.06.2022 13:53
599
Бишкекте кыргызстандыктарды Россияга ишке орнотуучу борбор ачуу пландалууда

Бишкекте кыргызстандыктарды Россиянын Москва шаарында жумушка орноштурган атайын миграциялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык форумда билдиргенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.



"Үстүбүздөгү жылдын март айында Москва шаарынын "Көп функционалдуу миграциялык борбору" менен келишим түзүлгөн. Анын негизги максаты — жарандарды Россиянын аймагында ишке орноштуруу", — деди Базарбаев.


Анын айтымында, "Көп функционалдуу миграциялык борбордун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мигранттарга дактилоскопиядан жана Россиянын аймагына барганга чейин медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу процедуралардан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет.


Борборду ачуу маселеси "Миграциялык борбор" мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилигинин июнь-июль айларындагы Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында чечилет.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн