Бишкекте М.С аттуу кишини өлтүрүүгө шектүү жаран Таластан кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы 19-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январда кечки саат алтыда . Сергей Лазо көчөсүндөгү үйдө 1966-жылы туулган М.С.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денеси табылган. Ал бычактан алган жаракатынан улам көз жумган.
Бул факт КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 ("Киши өлтүрүү") беренеси менен катталган.
Шектүү мурда соттолгон 1970-жылы туулган К.М. аттуу адам болуп чыккан. Ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн