Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип 2 жаран кармалды

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип 2 жаран кармалды

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу 7-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


1-март күнү түштөн кийин Чуйков көчөсүндө, жеке үйдүн жанында башы сынган адамдын жансыз денеси табылган. Бул факт бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталган.


"Трамплин" профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин райондук ички иштер бөлүмүнүн 2-бөлүмү тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган С.С. жана 1995-жылы туулган С.А. кармалган.

Алар Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң  тергөө абагына киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн