Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип 54 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип 54 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип 54 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан  билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ саат 07:10до милицияга Ахунбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери өлтүрүлгөн жаран 42 жаштагы борбор калаанын тургуну экендигин аныкташты.


Тинтүү учурунда 54 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Факт КЖБРне катталып, сотко чейинки процесстер башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн