Бүгүн, 13 июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев кыз-келиндер күрөшү боюнча спорт залынын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, аталаган залдын курулушу 29-апрель күнү башталып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров капсула салган. Зал «Жаштык» дирекциясынын аянтында курулуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн