Кечээ Франциянын Апелляциялык соту прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини түрмөдөн бошотту, деп BFM TV билдиргенин Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, Саркози 21-октябрдан бери жазасын өтөп жаткан Париждеги түрмөдөн бошотулду.
Соттун чечимине ылайык, мурдагы президент эми соттун көзөмөлүндө болот, ошондой эле Франциядан чыгууга тыюу салынат.
Саркози шайлоо өнөктүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде беш жылга эркинен ажыратылган. Бул Франциянын тарыхында мурдагы президенттин биринчи жолу түрмөгө камалышы.
Саркози камакка алынгандан кийин дароо анын адвокаттары мурдагы президент "эч кандай далилсиз" соттолгондугун билдиришип, аны бошотуу боюнча өтүнүч берилгенин айтышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн