Бишкек шаарында кызды ала качкан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Арча-Бешик конушунда кызды анын тааныштары Токмок тарапка үйлөнүү максатында ала качкан. Кыз ошол күнү эле жигитке турмушка чыгууга каршы экенин билдирип, милицияга кайрылган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2002-жылы туулган С.С. жана 1998-жылы туулган К.Ж. убактылуу кармоочу жайга кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн