Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте таштандыны көчөгө таштагандарга айып салынды (фото)

06.05.2020 12:59
1092
Бишкекте таштандыны көчөгө таштагандарга айып салынды (фото)


Бишкек шаарында көчөгө таштанды таштаган жана жолдорду бузган адамдарга айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, мэрияга караштуу санитардык-экологиялык инспекция Бишкек шаарынын аймагындагы шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткан адамдарга айыптарды салды.


Жолдорду бузганы үчүн 2 адам кармалып айып салынган. Кулуев көчөсүн бузганы үчүн А.у.М. аттуу адам жана Гагарин көчөсүнүн 269чу үйүнүн Т.Д. аттуу тургуну  кармалган.


 Ал эми көчөгө мелиоративдик жана агынды сууларды төккөнү үчүн Чортеков көчөсүнүн 35/1 үйүнүн кожоюнуна айып салынган. Өтүүчү жолго курулуш жүргүзгөнү үчүн Садырбаев жана Алтымышев көчөлөрүндөгү кафелерге айып салынган.


Ошондой эле, Тулебердиев көчөсүнүн К.Э. аттуу жашоочусуна курулуш таштандыларынын үйүнүн айланасында жатканы үчүн протоколдор толтурулган.


Мындан сырткары,"ДилНурКейДжи" компаниясына жана Зерек бала бакчасына айып салынган. “Азия Курулуш” компаниясы Жумабек көчөсүндө курулуш жүргүзүү учурунда бетон тосмолорду орнотуу, айрым аймактарга грунт орноткон эмес, багыт берүүчү баннер жана түнкү жарыктар орнотулбаганы үчүн акт толтурулган.


Ошондой эле, таштанды таштоочу жайларга курулуш калдыктарын таштаган “Хюндай Портер” унаасы кармалган. Ал эми учурда дагы беш транспорттун айдоочуларынын өздүгү аныкталып жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн