Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 12:24
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Бишкекте көчөлөрдө мыйзамсыз соода кылгандарга каршы рейд жүрөт

10.10.2024 09:09
392
Бишкекте көчөлөрдө мыйзамсыз соода кылгандарга каршы рейд жүрөт


Муниципалдык инспекция калаанын көчөлөрүндө мыйзамсыз соода кылгандарга каршы рейд жүргүзөт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, мурда мындай иш-чараны райондук администрациялар өткөрүп келишкен.

«Белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат. Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт», - деп айтылат маалыматта.

Мэрия жарандардан мыйзамды, тартипти жана тазалыкты сактоону суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн