Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте көчөлөрдүн жаңы кесилиштери пайда болот

29.12.2020 14:32
561
Бишкекте көчөлөрдүн жаңы кесилиштери пайда болот

Кытайдын  гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасында Бишкек шаарында төрт транспорттук кесилиш түйүнүн куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаев мэрияда өткөн жыйында билдирди.                                  


Анын айтымында, буга чейин Кытай тарап менен  биринчи кезекте кайсы кесилиш жолдорду куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон.


«Дизайнды Кытай тарап жүргүзөт. Жол кесилиштери Жибек Жолу-Профсоюз, Айтматов-Медеров проспектисинде, ошондой эле Чүй-Фучик, Фучик-Толстой көчөлөрүндө пайда болот. Акыркы экөөнү биринчи бүтүрүү керек», - деди ал.


Белгилей кетсек, долбоордун экинчи фазасы боюнча иш жаңы башталды. Ал эки жылга пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн