Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте көчөлөргө 20 тонна туз себилди

26.11.2021 10:06
483
Бишкекте көчөлөргө 20 тонна туз себилди

Кар жаап жатат. Шаардык кызматтар тазалоону улантууда. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы билдирди.



"Бүгүн таңкы саат 4:00дө борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн чыктык.


Учурда 121 жүктөгүч, 650 тазалоочу жана 715 жумушчу калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. Мындан тышкары, 38 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, 4 универсал УКМ, 4 «Беларусь» кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган",- деп айтылат маалыматта.


Мындан сырткары, эртең менен 20 тонна техникалык туз сарпталды. Туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө.


Таза шаар үчүн “күрөш” тынымсыз уланат.


Ошондой эле, саат 08:00гө карата коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун чыгышы төмөндөгүдөй:

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын автобустары -83 бирдик;

"Бишкек троллейбустар башкармалыгы" муниципалдык ишканасы -129 троллейбус;

Кичиавтобустар – 670 даана;

«ЭкоЖүргүнчүлөрдүТашуу» ЖЧКсынын -101 жана «ШыдырЖолКейЖи» ЖЧКсынын - 10 автобустары;


Ошондой эле «АламүдүнАвтоТранс" МИнин -4 бирдиги.


Урматтуу шаардыктар! Эгерде жолдордун, тротуарлардын тазаланбаганына күбө болсоңуз, борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыздар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн