Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте колдонулган номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү

18.12.2023 16:42
250
Бишкекте колдонулган номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү


Бишкекте колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси билдирет

Аукциондун алкагында алюминий сыныктарынын жалпы салмагы 26 миң 400 килограммды түзүп, жокко чыгарылган жана колдонулган номерлер сатыкка коюлду.

Алюминий сыныгынын бир килограммынын баштапкы баасы 100 сом болуп, 6 сом 12 тыйынга кымбаттады. Товардын акыркы баасы 1 кг үчүн 106 сом 12 тыйынды түздү.

Аукциондун жыйынтыгы менен 2 млн 801 миң 568 сомго алюминий сыныктарын сатып алган аукциондун жеңүүчүсү аныкталды. Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Быйыл ушундай аукцион экинчи жолу өтүп жатат, биринчи аукционду өткөрүүдөн түшкөн каражаттын суммасы 6 млн 970 миң 649 сомду түзүп, ошондой эле республикалык бюджетке которулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн