Бишкек шаарында коменданттык сааттын убактысы 22:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ишин уланта берет. "Бишкек шаарынын комендантынын тиешелүү буйругу даярдалып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында 12-октябрдын кечки саат 20:00дөн 19-октябрдын таңкы саат 07:00гө чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн