Кечээ, 25-мартта коменданттык штабдын өкүлдөрү жана патрулдук кызматкерлер Бишкек шаарынын көчөлөрүндө түнкү коменданттык сааттын эрежелеринин аткарылышын көзөмөлдөп чыгышкан.
Видеодо байкалгандай, саат 20:00дөн кийинки абал тынч. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү (ГАИ) кызматкерлеринен башка унаалардын жүрүүсү токтотулган.
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары эшик алдына чыгып, түнкү саат 23:30дар чамасында палас күүп, кайра кирип кетишкенин видеодон көрүүгө болот.
Ошондой эле түнкү убакта ыктыярчылар вирустан сактануучу каражат (антисептик) таратып жүргөнүн көрүп, көзөмөл кызматкерлери эскертүү берип коё беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн