Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 18 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты жана Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев айтты.
Комендант 25-март күнү кечки 20:00дө башталып, 26-март 07:00гө чейинки аралыктагы эреже бузулар менен тааныштырды.
Анын айтуусуна караганда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу болгон.
“195 адам өзгөчө абалдын талабын бузганы үчүн кармалды. Алардын 163 эркек, 6 жашы жете элек балдар жана 26 аял кишилер. Колго түшкөндөрдүн арасында 18 чет элдик жаран кармалды”, - деди Орозалиев
Ал кармалгандарга тийиштүү документтер толтурулуп, мыйзамдуу түрдө чаралар көрүлгөнүн айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн