Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 04:00
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Бишкекте коменданттык саат учурунда тартип бузуулар катталган жок

13.10.2020 09:39
1433
Бишкекте коменданттык саат учурунда тартип бузуулар катталган жок


Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, шаар боюнча тургундардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.


"Коомдук тартипти бузуу жана жеке, мамлекеттик мүлккө кол салуу факттары катталган жок. Коопсуздукту Бишкек шаарынын милициясы, кайгуул кызматы, аскерлер жана элдик кошуундар камсыздап жатышат", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин ИИМден маалымдашкандай, Бишкек шаарында коменданттык сааттын убактысы 22:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн