Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте коменданттык саатта банк терминалын уурдагандар кармалды (сүрөт)

13.04.2020 09:09
1382
Бишкекте коменданттык саатта банк терминалын уурдагандар кармалды (сүрөт)


Бишкек шаарында 1 500 доолар турган банк терминалын уурдаганга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран арызы менен кайрылып, Абдрахманов көчөсүндөгү аялдамада жайгаштырылган банк терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Терминал өзү 1 500 доллар турарын, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун айткан.

Издөө иштеринин алкагында, шектүү катары 23 жаштагы М.К., 30 жаштагы К.Ш. жана 29 жаштагы Ж.К. кармалган. Учурда 78-берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн