Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коменданттык сааттын тартибин бузган 119 адам кармалды

01.04.2020 09:15
824
Бишкекте коменданттык сааттын тартибин бузган 119 адам кармалды


Борбор калаада 1-апрелге караган түнү коменданттык сааттын тартибин бузган 119 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.


Ага ылайык, 119 тартип бузган жарандын, он жетиси аял киши, ал эми 112си эркек киши жана 3 өспүрүм бар. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган.

 

Комендант Бишкекте абал туруктуу болгонун айтып, жарандарды коменданттык сааттын тартибин сактоого чакырды. Ошондой эле ал тартип бузгандар жүз адамдан кем эмес болуп жатканын белгилеп, мындай көрсөткүч коменданттык саат убагында таптакыр катталбашы керектигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн