Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт

24.03.2020 10:32
707
Бишкекте коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт

 

 

Бишкектин турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэри Мирлан Амантуров райондордун башчыларына вируска каршы алдын алуу иштерин ар бир кварталда, подъезде, райондо, бакчада күчөтүлүшүн тапшырды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.


Борбордун башкы санитардык врачы Айгүл Бейшеналиева врачтар менен бирге ТСЖ төрагаларынын, үй жана кварталдык комитеттердин, ишкерлердин арасында, курулуштардын жана бөлмөлөрдүн ички жана тышкы дезинфекциялоочу каражаттары менен ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтөт.


"Бишкекшаарлифт" бардык лифттердин дезинфекция иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзөт.

"Түндүк Электр" ААК жана Чүй жогорку вольттуу электр тармактарынын (ЧуПВЭС) ишканасына шаардын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо тапшырылган.


"Бишкексууканал" ишканасы шаардыктарды суу менен камсыз кылууну улантат.

Тазалыктын кызматкерлери өзгөчө шарттарда жана атайын техниканы тартуу менен обсервация жерлеринен тиричилик жана тамак-аш калдыктарын ташып чыгат.

"Бишкекжашылчарба" сейил бактарда жашыл эмес аймактарды дезинфекциялоону улантат.

Вице-мэр жетекчилерге ар бир кызматкер үчүн алардын жеке жоопкерчилигин эскертти. Бардык кызматтардын башчыларына кызматкерлерди бет кап, кол үчүн санитайзер жана башка дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылуу тапшырылды.


Шаардык чарба департаменти жана шаардык финансы башкармалыгы биринчи зарылчылык муктаждыктар үчүн каражаттарды оптималдаштырат
, деп кошумчалашты мэриядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн