Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

16.11.2022 12:19
260
Бишкекте коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү



Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Бишкексвет”, “Тазалык”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба”, “Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги” жана Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.


Белгиленгендей, жакын арада аталган кызматтардын кызматкерлеринин тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кошумчалар эске алынып, кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт.


Кошумча маяна муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүү жана кадрлардын алмашуу пайызын азайтуу максатында берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн