Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коомдук транспорттун иштөө убактысына өзгөртүү кирди

20.08.2020 13:13
1019
Бишкекте коомдук транспорттун иштөө убактысына өзгөртүү кирди


20-августтан баштап Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъектилердин иши узартылып, коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, шаардагы коомдук транспорттор (автобустар, троллейбустар, маршурттук таксилер) дем алыш жана майрам күндөрү дагы иштейт. Коомдук транспорттор мурдагыдай эле, 07:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт. Транспортту жууп- тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу саат 11:00дон 14:00го чейин.


Соода борборлору, үйлөр, комплекстер, дүкөндөр, супермаркеттер күн сайын эртең мененки 07:00дөн 00:00гө чейин иштешет. Парктарга, аянттарга, бульварларга барууга убактылуу чектөөлөр алынып салынып, велосипедди ижарага алуу пункттарынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.


Ошол эле учурда, тойканалар жана көңүл ачуучу жайлар (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдар, кальяндар, кинотеатрлар, интернет клубдар, компьютердик мекемелер жана башкалар); балдар аянтчалары жана көңүл ачуучу жайларга уруксат бериле элек.


Чектөөлөр атайын буйрук кабыл алынганга чейин, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча колдонулат жана менчик ээсине карабастан, бардыгы үчүн милдеттүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн