Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 06:37
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Бишкекте коомдук транспорт кышкы режимге өтүүдө

19.10.2022 14:11
415
Бишкекте коомдук транспорт кышкы режимге өтүүдө



Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун ташуучу-фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу болду.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев ташуучу-фирмалардын жетекчилери менен биргеликте муниципалдык жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт ишканаларынын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы маселелерин талкуулашты. 


Транспорт департаментинин директору белгилегендей кыймылдуу курамды сапаттуу даярдоо үчүн жакынкы аралыкта техникалык кароо жүргүзүлөт. 


Ал эми, Транспорт департаменттин кызматкерлери коомдук транспорттун күз-кыш мезгилдерине даярдыктарын текшерип башташат. Эгерде бузуулар аныкталса жана талаптарды четке какса тиешелүү чаралар көрүлөт.   


Жыйынтыгында ишканалардын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары тууралуу акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын пландары иштелип чыгат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн