Бишкек шаардык мэриясы борбордук көчөлөрдөгү жол сызыктарын өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 13-августта вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, Абдрахманов, Токтогул, Киев, Чүй проспектинде өзгөртүлөт.
"Мэрия коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкесин белгилөөнү пландоодо. Мындан тышкары, бул тилкелердин боюнда унаа токтотуучу жерлер болот. Бул ишти 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү тапшырмасы жетекчилик тарабынан коюлган", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн