Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөйт, – мэрия

24.04.2024 11:32
93
Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөйт, – мэрия


Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча кырдаалды түшүндүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров: "Бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?" деген суроо берген.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков суроого жооп берип жатып азыркы тарифтер менен автобустар өзүн актабай турганын белгилеген.

"Андай учурда тарифти көтөрүү керек, эгер тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болот",- деп кошумчалаган Байгончоков.

Белгилей кетчү нерсе, бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомолдор болгон.

Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишин туура башкарууга жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн