Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире акысын 20 сомго көтөрүү сунушталууда

16.10.2023 15:28
322
Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире акысын 20 сомго көтөрүү сунушталууда


Бишкек шаардык кеңеши 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, коомдук транспортто (троллейбус, автобус жана маршруткада) жол кире баасын 20 сомго көтөрүү пландалууда.

Белгиленгендей, аталган чаралар жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташуу, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорттук ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, аларга кызмат көрсөтүүдө бааны жөнгө салуу максатында көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн