Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте коомдук транспорттор, аялдамалар жана таштанды ташталган жерлер дезинфекцияланууда (фото)

22.03.2020 20:29
879
Бишкекте коомдук транспорттор, аялдамалар жана таштанды ташталган жерлер дезинфекцияланууда  (фото)


"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды жана таштанды ташталган аянтарды жана таштанды урналарды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы кызматынан кабарлады. 


Ага ылайык, атайын тазалоодон борбор калаанын төрт районундагы  беш миңге чукул таштанды урналары өтүп жатат. "Тазалыктын" кызматкерлери таштандыларды алып чыккандан кийин хлор менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат.


Андан сырткары, борбор калаадагы 743 аялдаманын 318и да дезинфекциялоодон өткөн.  


Ошондой эле шаардагы, тратуар жолдордо да атайын залалсыздандыруу  иш аракеттери жүргөн. 


Маалыматта борбор калаадагы коомдук транспорттор да күнүнө төрт беш жолудан дезинфекцияланып жатканы айтылат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн