Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте коомдук транспорттор текшерилип жатат (фото)

15.06.2020 11:31
1274
Бишкекте коомдук транспорттор текшерилип жатат (фото)


2020-жылдын 25-майынан тартып жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор каттамга чыккан учурдан бери текшерүүдөн өткөрүлүп, Covid-19 илдетин жайылтпоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Текшерүү иш-чаралары милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын техикалык көзөмөлдөө бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жана санитардык-эпидемиологиялык инспексиясы менен бирдикте күн сайын жүргүзүлүп жатат.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 1210 жүргүнчү ташыган коомдук транспорт текшерилди. Автобекеттерде жана аялдамаларда айдоочуларга  санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге жүргүнчү ташыган маршурттук таксилерде тийиштүү жабдыктар жана отургучтардын саны талапка ылайык келүүсүн жана айдоочуларда милдеттүү түрдө кол кап, бет кап, антисептик каражаттар болуусу эскертилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн