Бишкекте шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун схемасы кайра каралат. Мындай пикирин вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорттордун схемасы жөнгө салынат.
"Бизге ар кайсы жерден чалып "биздин көчөдө маршрутка жок" "каттабай калды" деген арыздар түшөт. Коомдук транспорттордун схемасы кайра каралат. Шаардын борбордук бөлүгүндө автобус, троллейбустарга приоритет берилет. Мүмкүн болушунча маршруткаларды шаар сыртына чыгарууга аракет кылабыз",- деди вице-мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн