Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу менен жүргүнчү мушташа кетти

21.12.2020 16:56
632
Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу менен жүргүнчү мушташа кетти

Бишкекте коомдук траспорттун айдоочусу "бейбаштыкка" шектелип кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.


20-декабрда күндүзгү саат экилер чамасында Аламүдүн базарынан алыс эмес жерде айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда мушташ чыккан. Окуя боюнча чакыруу укук коргоо органдарына келип түшүп, окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.


Патрулдук милицияга 1989-жылы туулган А.Б кайрылган. Анын айтымында, ал менен No134 кичи автобустун айдоочусу ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада айдоочу жүргүнчүнүн башына бурагыч менен урган.


Ыкчам аракеттердин натыйжасында  шектүү кармалган.  Ал 1982-жылы туулган Э.А полиция бөлүмүнө жеткирилген.


Бул кылмыш бирдиктүү ресстрге катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн