Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте коомдук унаанын айдоочуларына 249 миң сом айып салынды

22.06.2020 16:19
950
Бишкекте коомдук унаанын айдоочуларына 249 миң сом айып салынды


Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, борбор калаабызда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген коомдук унаалардын айдоочуларына санитардык талаптарды сактабагандыктары үчүн 249 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Маалыматка таянсак, 22-июнга карата 1 миң 137 транспорт каражаты санитардык текшерүүдөн өткөрүлдү. Адистер салондордун тазалыгын, санитайзерлердин бар-жогун, колкап-беткап режиминин сакталышын текшерүүгө алышууда.


1-июндан бери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан айдоочуларга карата 132 протокол түзүлүп, 132 миң сом айып, ал эми жүргүнчү ташуучу жеке менчик компаниялардын жетекчилерине 117 миң сом айып салды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн